Коом
Эрнис Жээнтаев Бишкек шаардык соту тарабынан бошотулду

Жарандык активист жана белгилүү дизайнер Эрнис Жээнтаев Бишкек шаардык соту тарабынан кабыл алынган чечимдин негизинде бошотулду.
Ага төрт жылдык пробация жазасы дайындалды.
Соттун чечими: КР Жазык кодексинин 320-беренеси («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү») боюнча Эрнис Жээнтаев толук акталды.
Ал эми 278-берене («Массалык башаламандыктарга чакырыктар») боюнча коюлган айып өз күчүндө калтырылды.
Өкүм жарыялангандан кийин ал сот залынан эле бошотулду.
Белгиленгендей, сотто анын кызыкчылыгын адвокат Нурбек Сыдыков коргогон.
Дизайнер 2025-жылдын ноябрь айында кармалган. Буга чейин Биринчи Май райондук соту аны алты жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.



