Коом

Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багыты боюнча алгачкы рейс аткарылды

Бишкек менен Гуанчжоунун ортосунда ачылган каттам ишин баштап, «Манас» эл аралык аба майданына Кытайдан 134 жүргүнчү келип конду. Бул туурасында аталган аэропорттон кабарлашты.

Бул багыт боюнча туруктуу каттамдар жумасына эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Алгачкы рейс менен «Манас» эл аралык аэропорту 134 жүргүнчү келип, кайра Гуанчжоу шаарына 104 жүргүнчү учуп кетти. Бул жаңы багытка болгон жогорку кызыгууну көрсөтөт

«Манастан» бул каттамдын жүргүнчү ташууда да, жүк жеткирүүнү өнүктүрүүдө да мүмкүнчүлүгү жакшы экендигин белгилешкен.

Тектеш кабарлар

Back to top button