Коом

Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоонун жаңы тартиби бекитилди

Кыргызстандын министрлер кабинети жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоонун, кайра каттоонун жана каттоодон баш тартуунун тартиби жөнүндө жаңы жобону бекитти.

Юстиция министрлигине алты айдын ичинде реестрге мурда катталган, кайра каттоодон өткөн жана ишин токтоткон ЖМКлар тууралуу маалыматтарды киргизүү тапшырылды.

Ушул сыяктуу маселелерди жөнгө салган өкмөттүн 2019-жылдын 15-мартындагы No121 токтому күчүн жоготту деп табылган.

Документтин аткарылышын көзөмөлдөө президенттин администрациясына жүктөлдү.

Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button