Спорт
Жакынкы 2–3 жыл ичинде ар бир айылда мини-футбол аянтчасы болот

Садыр Жапаров жакынкы 2–3 жыл ичинде Кыргызстан боюнча бир да айыл мини-футбол аянтчасыз калбай турганын билдирди.
Анын айтымында, курулуш иштери өлкө боюнча активдүү жүрүп жатат — Баткенден тартып Ала-Бука жана Чаткалга чейин. Долбоордо түнкү жарыктандыруу да сөзсүз каралган, анткени айыл жеринде жашагандар күндүз чарба иштери менен алек болуп, спортко көбүнчө кечинде убакыт табышат.
Мамлекет башчысы бул максаттарга мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнбөй турганын баса белгиледи. Мини-футбол аянтчалары инвесторлор менен демөөрчүлөрдүн эсебинен курулууда.
Ошондой эле Ош облусундагы жолугушууларда жаштар көбүнчө футбол талааларын, стадиондорду жана спорттук комплекстерди куруу боюнча өтүнүчтөрдү айтышары белгиленди.



