Дүйнө

Японияда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Япониянын эң чоң аралы Хонсю аралынын түндүк бөлүгүндө күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун Япониянын метеорологиялык агенттиги билдирди деп жазат РИА Новости.

Жер титирөө Хонсю аралынын түндүк-чыгышында, Аомори жана Иватэ префектураларынын аймагында Тынч океанда болгон. Очоктун тереңдиги 10 кмден 18 кмге өзгөртүлгөн.

Цунами коркунучу жарыяланды, Иватэде толкундардын бийиктиги 80 метрге жетти. Япониялык шкала боюнча силкинүүнүн күчү 5+ баллга чейин жеткен.

5 префектурада 170 миңден ашуун адам эвакуацияланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button