Коом
Кыргызстанга Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов келди

Кыргызстанга Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов иш сапары менен келгенин Коргоо министрлиги билдирди.
«Манас» эл аралык аэропортунан аны КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы генерал-майор Талантбек Талипов тосуп алган.
Иш сапардын алкагында Белоусовдун Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуусу пландалууда.



