Өзбек ажы Чотонов милицияга чакырылды

Көп аял алууну кылмыш жоопкерчилигинен чыгаруу боюнча кол топтоонун демилгечиси Өзбек Чотонов милицияга чакырылды. Аны менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн алкагында акцияга катышкан бардык жарандар, анын ичинде Өзбек Чотонов да маекке чакырылган.
«Мындан тышкары, милиция кызматкерлери жарандарга өлкөнүн мыйзамдарына ылайык көп аял алуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин түшүндүрүштү», — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин социалдык тармактарда Өзбек Чотонов көп аял алуу үчүн жазаны жеңилдетүү максатында кол топтоп жатканын айткан видео тараган. Бул коомчулукта кеңири талкуу жараткан.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзамга ылайык, эки аял алуу же көп аял алуу үчүн коомдук же түзөтүү иштери, же 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул каралган.



