Бишкек–Балыкчы багыты боюнча поезд жайы бою каттайт

Бишкек–Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди жайкы туристтик сезон башталгандан тарта кайра каттоого чыкты. Алгачкы каттам бүгүн саат 08:06да «Бишкек-2» бекетинен чыгып, 12:37де Балыкчыга жетти.
Сезондун ачылышына байланыштуу эки вокзалда тең майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Бул жылы поезддин курамына кошумча эки жаңыланган, жогорку комфорттогу вагон кошулду.
Жалпысынан поезд 14 вагондон турат: 8и жогорку комфорт, 6сы кадимки аралык каттам вагондору. Жүргүнчүлөр агымы көбөйсө, вагондордун саны дагы көбөйтүлүшү мүмкүн.5–21-июнь аралыгында поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 26-июндан 13-сентябрга чейин күн сайын жүрөт.
Компаниянын маалыматына ылайык, Бишкек–Балыкчы поезди Ысык-Көлгө баруунун эң ыңгайлуу жолдорунун бири бойдон калууда.



