Окуялар
Чүй районунун Искра айылындагы таштанды полигонунда өрт чыкты

Өрт тууралуу маалымат 9-июнь күнү кечинде түшкөн. Аны өчүрүү үчүн саат 19:38де Чүй районунун №24 өрт-куткаруу бөлүгүнүн бир эсептөөсү жөнөтүлгөн. Кийинчерээк, саат 23:35те, кошумча түрдө Токмок шаарындагы №21 өрт-куткаруу бөлүгүнөн дагы бир эсептөө тартылган.
ӨКМдин маалыматына ылайык, учурда өрт чыккан жерде эки өрт өчүрүүчү бөлүк иштеп жатат. Ошондой эле Токмок мэриясынын эки суу ташуучу унаасы, бир бульдозер жана болжол менен 20 жергиликтүү тургун жардам берүүдө.Өрттүн аянты жана анын келип чыгуу себептери такталууда.
ӨКМ кошумча маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.



