Казакстанда күйүүчү май кымбаттады

Казакстандын Энергетика министри Ерлан Аккенженов өлкөдө күйүүчү майдын баасы 3–4 теңгеге кымбаттаганын билдирди.
Анын айтымында, күйүүчү майдын баасы ички суроо-талап менен сунуштун негизинде аныкталат.
«Менин маалыматыма караганда, баа 3–4 теңгеге өстү. Ошондуктан 10 теңгеге кымбаттады деген маалымат туура эмес. Бул — рынок. Картелдик келишим тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Бааны ички суроо-талап жана сунуш аныктайт. Азыр мунайдын дүйнөлүк баасы да кескин өсүп жаткан жок. Мен жаңылышпасам, бир баррелинин баасы болжол менен 93,5 доллардын деңгээлинде», — деди министр парламенттин төмөнкү палатасы болгон Мажилис имаратында журналисттерге берген маегинде.
Министр ошондой эле Энергетика министрлиги кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жатканын жана күйүүчү майдын баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө үчүн зарыл чаралар көрүлөрүн белгиледи.
Анын айтымында, Казакстанда зарыл болгон учурда рынокту жөнгө салууга жетиштүү күйүүчү май запастары бар.



