Коом

Бишкекте Formula 1 H2O стеласынын ачылышы жана UIM желегин тапшыруу аземи өтөт

14-июлда Бишкекте Formula 1 H2O стеласынын салтанаттуу ачылышы жана UIM желегин расмий тапшыруу аземи өтөт.

Бул иш-чара Кыргызстанда суу-мотор спорту тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болуп, эл аралык спорттук кызматташтыкты чыңдоого жана өлкөнү дүйнөлүк деңгээлдеги ири спорттук мелдештерди өткөрүүчү аянтча катары таанытууга багытталган.

Кеченин программасы саат 19:00дө конокторду тосуп алуу үчүн уюштурулган DJ-сет менен башталат. Саат 20:00дө барабанчылардын Tendo Drum тобунун өнөрү менен расмий бөлүк ачылып, андан соң таанытуу видеоролиги көрсөтүлөт.

Расмий бөлүктө Кыргызстандын суу-мотор спорту федерациясынын төрагасы Айбек Абылкасымов жана Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов куттуктоо сөздөрүн сүйлөшөт.

Кеченин негизги бөлүгү Formula 1 H2O стеласынын символикалык ачылышы болот. Ошондой эле Айбек Жунушалиев сөз сүйлөп, Бишкек шаарынын гербин UIM Formula 1 H2O желегине түшүрүү аземи өткөрүлөт.

Иш-чара UIM Formula 1 H2O желегин тапшыруу аземи менен жыйынтыкталып, андан кийин концерттик программа тартууланат.

Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чара расмий аземдерди, маданий программаны жана спорттук символиканы айкалыштырып, Кыргызстандын эл аралык спорттук кыймылдагы ролунун өсүп жатканын көрсөтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button