Окуялар

Сел жууп кеткен Сумсар – Шекафтар жолу калыбына келтирилди

Чаткал районундагы Сумсар – Шекафтар унаа жолунда селдин кесепеттерин жоюу жана жолду тазалоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 11-июнь күнү кечки саат 18:00 – 19:00 чамасында жааган нөшөрлүү жамгырдан улам аталган жолдун 8-10-чакырым аралыгында сел жүргөн.

Сел суулары унаа жолдун жээгин жууп кеткен, ошондой эле өзгөчө чоң (2х2 метр өлчөмүндөгү) суу өткөрүүчү түтүккө зыян келтирилген.Ошондой эле №17 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жеринде ыкчам чаралар көрүлүп, тазалоо жумуштарына дароо 1 автожүктөгүч жана 1 автогрейдер тартылган.

«Учурда жолдун жээктерин тегиздөө жана калыбына келтирүү иштери улантылууда. Аталган унаа жолдо унаа каттамы бар жана үзгүлтүккө учураган жок», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button