Без рубрикиОкуялар

Чүйдө 1084,5 гектар айыл чарба жерлери мамлекеттин балансына кайтарылды

Чүй облусунун Москва районунда 1084,5 гектар айыл чарба жерлери аныкталып, мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, жер мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоо жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын алкагында, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жана инвентаризациялык иштер жүргүзүлүп, жер пайдалануу тармагындагы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Чүй облусунун Москва районундагы Төрт-Күл айыл аймагынын Петровка айылында мыйзамда белгиленген тартипте жалпы аянты 1084,5 гектар айыл чарба багытындагы жерлер мамлекеттик айыл чарба жерлер фондунун балансына кайтарылды.

Алардын ичинен 961,7 гектары сугат жерлер, 63,7 гектары кайрак жерлер жана 59,1 гектары көп жылдык көчөттөр ээлеген аянттар болуп саналат.

Белгилей кетсек, аталган жерлер 20 жылдан ашуун убакыт бою кароосуз калып, жамааттык жана советтик чарбалардын укук мураскерлери, ошондой эле жер комиссиясынын айрым мүчөлөрү тарабынан жеке кызыкчылыктары үчүн расмий эмес пайдаланылып келген. Жерлерди мыйзамдуу жүгүртүүгө кайтаруу айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө, ак ниет жер пайдалануучуларды тартууга шарт түзүп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өз салымын кошот.

Мындан тышкары, жерлерди мындан ары мыйзамдуу негизде ижарага берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине тиешелүү төлөмдөрдүн түшүшүнө өбөлгө түзөт. Учурда айыл чарба багытындагы жерлерди аныктоо жана аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча комплекстүү иш-чаралар улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button