Маданият

Бишкекте «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этноыр сынагы өтөт

Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында «Көчмөндөр жаңырыгы» аттуу эл аралык этноыр сынагы өтөт. Ага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген 21 аткаруучу катышат.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, бардык катышуучулар алдын ала тандоодон ийгиликтүү өтүп, сынактын талаптарына жооп беришкен. Алардын арасында Түркия, Куба, Мексика, Италия, АКШ, Испания, Монголия, Россия, Казакстан, Түштүк Корея, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү бар.

Калыстар тобунун курамына француз музыканты жана дирижёру Клод Револьт, Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлнур Сатылганова, азербайжандык ырчы жана режиссёр Роза Зергерли, ошондой эле «Евровидение-2007» сынагынын катышуучусу Мария Шестич кирген.

Ал эми калыстар тобунун төрагасы болуп эл аралык продюсер жана Дүйнөлүк фестивалдар ассоциациясынын президенти Марьян Катароски шайланган.

Уюштуруучулар белгилегендей, сынактын алдында катышуучулар үчүн тааныштыруу иш-чарасы өткөрүлөт. Анда долбоор тааныштырылып, сынактын эрежелери түшүндүрүлөт.

Ошондой эле кыргызстандык блогерлердин катышуусунда социалдык тармактар аркылуу чыгармачылыкты жайылтуу боюнча атайын билим берүү сессиясы уюштурулат.

Тектеш кабарлар

Back to top button