УКМК консулдук кызматтардан түшкөн каражаттын 15 пайызын алат

Министрлер кабинети консулдук кызматтардан жана мобилдик түзмөктөрдү каттоодон түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү тартибине өзгөртүү киргизди.
Токтомго ылайык, Тышкы иштер министрлигинин Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы аркылуу көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтарынан атайын эсепке түшкөн каражаттын 15 пайызы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) атайын эсебине которулат.
Бул каражаттар маалыматтык системаны техникалык тейлөөгө, коштоого жана модернизациялоого, материалдык-техникалык базаны чыңдоого, ошондой эле УКМК жетекчилигинин чечими менен башка учурдагы чыгымдарды каржылоого жумшалат.
Мындан тышкары, мобилдик түзмөктөрдү идентификациялоодон түшкөн каражаттарды пайдалануу тартиби да өзгөртүлдү. Эми мындай кирешенин 40 пайызы мобилдик түзмөктөрдү идентификациялоо маалыматтык системасынын ээсинин атайын эсебине которулат.
Бул каражаттар ведомствого караштуу мекемелерди жана уюмдарды каржылоого, материалдык-техникалык базаны чыңдоого, ошондой эле жетекчиликтин чечими менен башка чыгымдарды жабууга пайдаланылат.
УКМКга жаңы эрежелерди ишке ашыруу үчүн бардык зарыл чараларды көрүү тапшырылды.Токтом 10 күндөн кийин күчүнө кирет.



