Окуялар

Таласта дарыяга агып кеткен 15 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери 10 күндөн бери уланууда

Таласта сууга агып кеткен 15 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери 10 күндөн бери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө-куткаруу иштерине 25 адам тартылды.

Азыр дарыяда суу абдан көп болуп жаткандыктан, издөө иштери бир аз жайлады. Суунун деңгээли түшөрү менен издөө кайрадан активдүү фазага өтөт.

Эске салсак, 23-июнда Чоң-Токой айылынын 15 жаштагы тургуну Баэл Тимур уулу Талас дарыясына агып кеткен. Ошол күндөн бери куткаруучулар аны күн сайын издеп келишет.

Тектеш кабарлар

Back to top button