Коом

Өлкө аймактарында мамлекеттик ипотекалык программа боюнча батир алуу жеңилдеди

Кыргызстандын аймактарында мамлекеттик ипотекалык программа боюнча батир сатып алуунун жаңы шарттары күчүнө кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Ага ылайык, эми сатып алуучу батирдин баасынын 30 пайызын баштапкы төлөм катары төлөйт. Калган 20 пайызын батир пайдаланууга берилгенге чейин өзүнө ыңгайлуу убакта төлөп бүтүшү керек. Батир тапшырылгандан кийин калган 50 пайызы 15 жылга чейин жылдык 8 пайыз менен төлөнөт.

Жаңы тартип Бишкек жана Ош шаарларына тиешелүү эмес. Ал Ош облусунда (Ош шаарынан тышкары), Баткен, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарында колдонулат.

Буга чейин үлүштүк курулуш программасынын шарттарына ылайык, жарандар батирдин кеминде 50 пайызын баштапкы төлөм катары төлөшү керек болчу. Андан кийин гана калган жарымына 15 жылга чейин жылдык 8 пайыз менен ипотека берилчү.

Тектеш кабарлар

Back to top button