Дүйнө

Иран АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объектилерине массалык сокку урду

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объектилерине массалык сокку урганын билдирди. Уюмдун маалыматына караганда, бул операция АКШнын Ирандын Хормозган провинциясындагы жээк базаларына жана Махшехр шаарындагы жарандык объектилерге жасаган түнкү чабуулуна жооп катары жүргүзүлгөн.

КСИРдин билдирүүсүндө АКШнын аймактагы негизги аскердик базаларындагы 85 объект бутага алынганы айтылат. Алардын ичинде Бахрейндеги Салман порту, АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн 5-флотунун жоопкерчилик аймагы жана Кувейттеги Али аль-Салем авиабазасы бар экени белгиленген.

Ошондой эле операция жүрүп жаткан маалда ирандык сокку каражаттарын тосууга аракет кылган АКШнын MQ-9 Reaper чалгындоочу-сокку уруучу учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

КСИР АКШнын аракетин Ирандын мурдагы жогорку лидери Али Хаменейди эскерүүгө арналган аза жүрүштөрүн үзгүлтүккө учуратуу аракети катары баалап, бул чабуул АКШнын агрессиясына берилген «алгачкы жооп» экенин белгиледи.

Өз кезегинде АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) америкалык күчтөр Иран Ормуз кысыгында Катар менен Сауд Арабиясынын танкерлерине кол салгандан кийин жооп иретинде Ирандын түштүгүндөгү порт шаарларына сокку урганын билдирди.

NBC News телеканалынын маалыматына ылайык, бул жолку америкалык чабуул мурункуларга салыштырмалуу кыйла масштабдуу болгон.Ал эми Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф Х социалдык тармагындагы баракчасына АКШнын акыркы соккусу Тегеран менен Вашингтон июнь айында кол койгон өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун шарттарын бузганын жазып, Иран эч качан багынбай турганын билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button