Пайдалуу кеңештер

Помидорду көп колдонгон адамдарда инфаркттын пайда болуу коркунучу төмөн

Биз күндө колдонгон кадимки памидор жүрөктүн саламаттыгын жакшыртууга илимий жактан далилденген таасирге ээ. Бул тууралуу кардиолог Аурелио Рохас Deia басылмасына берген маегинде айтып, жүрөк үчүн эң пайдалуу экенин атады.

Анын айтымында, помидорду көп колдонгон адамдарда жүрөк-кан тамыр ооруларынын, анын ичинде инфаркттын пайда болуу коркунучу төмөн болот. Дарыгер помидор жүрөк булчуңун (миокардды) жана кан тамыр системасын жабыркоодон коргой турганын белгиледи.

Рохастын түшүндүргөнүнө караганда, помидордун курамында күчтүү антиоксиданттык касиетке ээ ликопин заты көп болот. Ал кандагы холестериндин деңгээлин турукташтырып, кан тамырлардагы сезгенүүнү азайтууга жардам берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button