Барскоон – Бедел жолунда эки туннель казылууда

Кыргызстан менен Кытайды байланыштыра турган Барскоон – Бедел эл аралык унаа жолунун курулушунда Сөөк жана Ашуу-Суу туннелдерин казуу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, №1 туннелди (Сөөк) казуу иштери 365 метрге, ал эми жардамчы (пилоттук) туннелди казуу 466,2 метрге жетти.
Ал эми №2 туннелди (Ашуу-Суу) казуу иштери 270,2 метрге, пилоттук бөлүгү 361,4 метрге жетти.
«Жалпы узундугу 161 чакырымды түзгөн бул стратегиялык жолдун курулушуна 1 700дөн ашык жумушчу жана 814 даана атайын техника тартылган. Долбоорду Кытайдын белгилүү «China Road and Bridge Corporation» компаниясы ишке ашырууда», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бул жол курулуп бүтсө, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жаңы эл аралык транспорттук коридор ачылып, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрү жана экономикасы жаңы деңгээлге көтөрүлөт. Подрядчы компанияга жумушту жогорку сапатта жана бекитилген графикке ылайык өз убагында бүткөрүү тапшырмасы берилди.


