Бишкекте авария болуп, айрым райондордо суу берүү убактылуу токтотулду

Бүгүн, 10-июлда саат 09:00 чамасында ХБО суу алгычында электр жабдуулары боюнча штаттан тышкаркы кырдаал катталды.
Анын кесепетинен төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда суу берүү убактылуу чектелди:
ВБЧК – Анкара – Кыдыр-Аке – Оберон – Лев Толстой – Аламүдүн дарыясы – Горький – 7 Апрель – ВБЧК.
Учурда адистер кырдаалды иликтеп, авариянын кесепеттерин жоюу иштерин баштады. Оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу кошумча маалыматтар берилет.
Оңдоо мезгилинде суу алгычтын электр энергиясы толугу менен өчүрүлөт. Насостук жабдуулар электр энергиясы менен иштегендиктен, бул убакытта суу берүү мүмкүн болбойт.
«Бишкекводоканал» ишканасы тарабынан тургундарга ичүүчү суу жеткирүү уюштурулат.
Бишкек мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундардан түшүнүү менен кабыл алууну өтүндү.



