Окуялар

Казакстандан келген курулуш жыгачтары артка кайтарылды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан Казакстандан келаткан 34 м3 пиломатериал артка кайтарылды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүү учурунда Казакстанга таандык 34 м3 пиломатериал Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.

Белгилей кетсек, «Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө» жобонун 3.7-пунктуна ылайык, жүк артка кайтарылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button