Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Дамир Мусакеев өлкөдөн чыкпоо тилкаты менен камактан бошотулду

Мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жеке жан сакчысы Дамир Мусакеев камактан бошотулуп, өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту билдирди.
Маалыматка ылайык, сот тергөөнүн бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүн канааттандырып, Дамир Мусакеевди сот залынан бошоткон.Ал массалык баш аламандыктарды даярдоого байланыштуу иш боюнча айыпталуучу катары өтүп жатат.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Мусакеев былтыр ноябрь айында Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Эрмек Эрматов жана башка адамдар менен бирге кармалган.Тергөө версиясы боюнча, айыпталуучулар мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодон кийин нааразылык акцияларын уюштурууну пландашкан.
Дамир Мусакеев кармалган күндөн бери СИЗОдо камакта кармалып келген.



