Саясат

Кыргызстанда электрондук акчаны мураска калтырууга уруксат берилди

Электрондук акчаны мураска калтырууга уруксат берилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, электрондук капчыктагы жана башка электрондук алып жүрүүчүлөрдө сакталган каражат эми мурастын курамына кирет. Мурас укугу расмий ырасталгандан кийин каражат берилет же алардын эсебине которулат.

Ошондой эле банктар нотариустарга жана мураскерлерге маркумдун электрондук акчалары, банктык сейфтери жана баалуу таш эсептери тууралуу маалымат бере алышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button