Саясат

Айрым аймактарда кошумча дем алыштар болушу мүмкүн

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Айрым аймактардагы коомдук муктаждыктарга жана жашоо-тиричиликтин өзгөчөлүктөрүнө ыкчам чара көрүүнүн жаңы механизмин апробациялоо максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын 31-1-беренесинин негизинде, Конституциянын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылат:

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2027-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө жогоруда аталган убактылуу укуктук жөнгө салууну ишке ашыруунун алдын ала натыйжаларына мониторинг жүргүзсүн жана ал оң бааланган учурда 2027-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте министрлер кабинетинин кароосуна киргизсин.

2026-жылдын 15-июлунан тартып 2027-жылдын 1-июлуна чейин министрлер кабинетине тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча калк үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, мамлекеттик деңгээлде эл аралык жана мамлекеттик ички иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл болгон учурларда же ыкчам чечүүнү талап кылган башка өзгөчө жагдайларда Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысын сактоо менен дем алыш күндөрдү белгилөөгө укук берүүчү убактылуу укуктук жөнгө салуу киргизилсин.

Министрлер кабинети аталган чечимдердин колдонулушу жайылтылуучу аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тиешелүү чечимдердин долбоорлорун макулдашууну камсыз кылсын.

Тектеш кабарлар

Back to top button