Өзбекстанда ысыктан улам электр энергиясына убактылуу чектөө киргизилди

Өзбекстандын Энергетика министрлиги билдиргендей, өлкөнүн айрым аймактарында абанын кескин ысышынан жана электр энергиясын керектөө рекорддук деңгээлге жеткенине байланыштуу жарык берүү убактылуу чектелүүдө.
Министрликтин маалыматына ылайык, катуу ысык электр берүү линиялары менен жабдуулардын ысып кетишине алып келүүдө. Ошондой эле кондиционерлердин, муздаткычтардын жана башка электр шаймандарынын бир убакта иштеши электр тармагына чоң күч келтирип, авариялардын чыгуу коркунучун жогорулатууда.
Ири авариялардын алдын алуу үчүн диспетчердик кызматтар электр энергиясын убактылуу чектеп жатат. Электр тармагына күч өтө көбөйгөн учурда айрым райондордо жарык эки саатка чейин өчүрүлүшү мүмкүн.
Министрлик мындай чаралар бир нече күнгө созулушу мүмкүн болгон ири авариялардын алдын алууга жардам берерин белгиледи.



