Окуялар

Ысык-Көлдө рейд учурунда таксист баңгизат колдонгону аныкталды

Ысык-Көл районунда «Кооптуу жүк» рейдинин жүрүшүндө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери баңгизаттын таасири алдында унаа башкарган таксистти аныкташты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында айдоочуга карата административдик протокол түзүлүп, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык ага 87,5 миң сом айып салынды.

ЖКККББ транспорт каражатын баңгизат же башка мас кылуучу заттардын таасири астында башкаруу жол кыймылынын бардык катышуучуларынын өмүрүнө жана коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратарын эскертти.

Мекеме айдоочуларды Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана баңгизат колдонгондон кийин рулга отурбоого чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button