Ат-Башыдагы алтын кенинде тартылган видео боюнча милиция текшерүү баштады

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда Ат-Башы районундагы алтын кенинде тартылган видео тарагандан кийин текшерүү башталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 26-июлда каттоого алынган. Аныкталгандай, Ак-Моюн айыл аймагынын Балык-Суу жайлоосундагы алтын кенин «Шах-Тал» ЖЧКсы жер казынасын пайдаланууга берилген лицензиянын негизинде иштетип жатат.
Алдын ала маалымат боюнча, 25-июлда жаран И.Б. карьердин аймагына келип, ишкананын кызматкерлери менен жаңжалдашып, болгон окуяны уюлдук телефонуна тартып алган. Кийинчерээк бул видео социалдык тармактарга тараган.
Текшерүү учурунда ал видеону эмоцияга алдырып тартып алганын, кызматкерлерге карата орунсуз сөздөрдү айтканын моюнга алып, кечирим сураган. Медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгында анын мас абалда болгону аныкталган.
Анын айткан сөздөрүнө жана аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалды.
Мындан тышкары, анын унааны мас абалында башкарганы боюнча өзүнчө материал катталып, текшерүүнү Ат-Башы РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы жүргүзүүдө.
Учурда териштирүү уланууда. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.



