Спорт
Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө чемпионатынын биринчи машыгуулары башталды

31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көл Борбор Азиянын тарыхында биринчи жолу суудагы «Формула-1» (F1H2O) боюнча дүйнө чемпионатынын этабын кабыл алууда. Мелдешке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген эң күчтүү пилоттор катышууда. Учурда аталган чемпионаттын алкагында эркин машыгуу жарыштары старт алды.
Алгачкы айлампаларга ар кайсы өлкөлөрдөн келген пилоттор чыгып, жарыш трассасынын өзгөчөлүктөрүн үйрөнүп, жарыш кайыктарынын жөндөөлөрүн текшерүүдө.
Кыргызстан өлкө тарыхында биринчи жолу суу-мотор спорту боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги мелдешти кабыл алууда.
Белгилей кетсек, чемпионаттын амбассадорлорунун бири болуп бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Дмитрий Бивол дайындалган.



