Акылбек Жапаров учурда кайда иштеп жатканын айтты

Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров учурда Азия илимдер академиясынын жетекчилеринин бири болуп иштеп жатканын Ысык-Көлдө өтүп жаткан Кыргызстан-Россия экономикалык форумунда айтты.
Иш-чарадан кийин журналисттер анын учурда эмне менен алек болуп жатканына кызыгып, суроо узатышкан.
Эске салсак, 2025-жылдын ноябрь айында Акылбек Жапаров Азиаттык илимдер академиясынын жогорку курамына шайланган. Ошол учурда ал ардактуу академик наамын алып, уюмдун президиумуна кирген. Жапаровдун айтымында, октябрь айында уюм 48 өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда ири эл аралык жыйын өткөрүүнү пландап жатат. Анда билим берүү жана илимди өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Маалым болгондой, 2024-жылдын декабрь айында Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан кеткен. Анын ордуна Адылбек Касымалиев дайындалган.



