Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык кызматташтыгы жогорку динамиканы көрсөтүүдө

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү Кыргыз-орус экономикалык форумундагы кайрылуусунда билдирди.
Ал эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи.
«2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик 4 миллиард долларга жакындады. Ал эми Кыргызстанда россиялык капиталдын катышуусу менен иштеген ишканалардын саны 1800дөн ашты», — деди Жапаров.
Президенттин кебинин урунттуу учурлары:
-Россия Кыргызстандын эң ири инвестору катары калыптануу менен бирге өлкөдөгү негизги стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууда ишенимдүү өнөктөш болуп келет;
-россиялык өнөктөштөрдү өлкөдөгү ири масштабдуу өзгөртүүлөргө — “Тамчы” атайын финансы-инвестициялык аймагы, “Ала-Тоо Резорт” туристтик кластери жана энергетика, өнөр жай, логистика тармагындагы жаңы демилгелерди ишке ашырууга активдүү катышууга чакырам;
-Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду миңдеген долбоорлорду каржылап, жаңы өндүрүштөрдү ачууга өбөлгө түздү. Аны кошумча капиталдаштыруу чечими жаңы инвестициялык демилгелерге жол ачат;
-форум мамлекет, бизнес жана аймактарды бир максатка — ишенимге, заманбап технологияларга негизделген келечектин экономикасын курууга бириктирген натыйжалуу аянтчага айланды.



