Италияда ысыктан улам 27 шаарга өзгөчө абал киргизилди
Италияда аптаптуу ысыктын жаңы толкунуна байланыштуу 27 ири шаарда аба жогорку кооптуулук режими киргизилди.
Тизмеге өлкөнүн түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү Триест, Венеция, Неаполь жана Палермо шаарлары кирди. Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин мындай режим 25 шаарда гана колдонулуп келгенин, ал эми быйыл биринчи жолу өлкөнүн бардык ири шаарларын камтыганын билдирди.
Өлкөнүн айрым аймактарында абанын температурасы +40°Cка жакындады. Акыркы күндөрү аптаптуу ысыктан төрт адам каза болду.
Бийлик жарандарды күндүн эң ысык маалында сыртка чыкпоого, көбүрөөк суу ичүүгө жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырууда.
Ысыктын жаңы толкуну Европанын башка өлкөлөрүнө да таасирин тийгизди. Австрияда +40,8°C болуп, температуранын жаңы рекорду катталды. Ал эми Дунай жана Рейн дарыяларындагы суунун деңгээли төмөндөп, жүк ташууга жана энергетика тармагына кыйынчылыктар жаралды.



