Спорт

Бишкекте 19-августта Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт

Бишкекте 19-августта футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт.

Байге үчүн өлкөнүн учурдагы чемпиону — Караколдун “Барс” футбол клубу жана 2025-жылдагы Кыргызстан Кубогунун ээси — Бишкектин “Дордой” командасы күч сынашат.

Оюн “Алга” спорт комплексинде өтүп, саат 20:00дө башталат. Күйөрмандар үчүн көңүл ачуучу программа да даярдалат.

Кыргызстандын Суперкубогу 2011-жылдан бери ойнотулуп келет. Жеңиштердин саны боюнча “Дордой” клубу рекордчу болуп саналат — ал бул байгени алты жолу багындырган.

Билеттер kassir.kg сайтында сатылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button