Окуялар
Бишкекте тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылды

18-августта Бишкекте жеке менчик тез жардам кызматынын унаасы катышкан жол кырсыгы катталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда тез жардам унаасы Subaru Outback менен кагышкан.
Тез жардам унаасынын айдоочусунун айтымында, Subaru Outback унаасы светофордун тыюу салган белгисине карабай өтүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен тез жардам унаасында болуп, медициналык мекемеге жеткирилип бара жаткан жаран жабыркаган. Аны башка тез жардам бригадасы ооруканага жеткирген.
Учурда кырсыктын бардык жагдайлары жана себептери такталууда.



