Дүйнө

Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭС курууга даярдык башталарын билдирди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакын арада өлкөдө экинчи атомдук электр станциясын курууга даярдык башталарын билдирди.

«Жизакта атомдук электр станциясы болот деп мурда элестете алат белек? Бүгүн силерге сыр катары айтайын: жакынкы убакта экинчи станцияга да чоң даярдыкты баштайбыз», — деди Мирзиёев.

Экинчи АЭСтин кайсы жерде курулары, кубаттуулугу жана долбоор качан ишке ашырыла баштай турганы азырынча маалымдала элек.

Президент энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу инвесторлорду туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу жана алар үчүн түшүнүктүү иш шарттарын түзүү зарылдыгы менен байланыштуу экенин белгиледи.

Анын айтымында, инвесторлордун негизги суроолорунун бири — электр энергиясынын баасы жана кепилдиктер. Мирзиёев 2030-жылга чейинки стратегия ишке ашырылып, электр энергиясы менен кепилденген камсыздоо түзүлбөсө жана анын өздүк наркын төмөндөтүү боюнча чаралар көрүлбөсө, өлкөгө инвесторлор келбей турганын айтты.

Өзбекстанда биринчи атомдук электр станциясы Жизак облусунун Фариш районундагы Тузкан көлүнүн жанындагы болжол менен 525 гектар аянтта курулуп жатат. Долбоор Орусиянын «Росатом» корпорациясынын катышуусунда ишке ашырылууда.

4-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Орусиянын президенти Владимир Путин видеоконференция аркылуу интеграцияланган АЭСтин биринчи энергоблогунун курулушуна старт беришкен. Курулуш аянтында болочок станциянын пайдубалына «алгачкы бетон» куюлган.

Тектеш кабарлар

Back to top button