Коом
Кыргызстанда Түштүк Кореяда иштөөнү каалагандар үчүн онлайн каттоо башталды

Кыргызстанда Түштүк Кореяда иштөөнү каалаган жарандар үчүн 2026-жылдагы корей тили боюнча тестирлөөгө онлайн каттоо башталды. Бул тууралуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору билдирди.
EPS программасынын алкагында талапкерлер корей тили жана кесиптик жөндөмдөрү боюнча тест тапшырышат. Тесттен ийгиликтүү өткөндөр жумуш издөөчүлөрдүн реестрине киргизилип, алардын арасынан кореялык иш берүүчүлөр кызматкерлерди тандашат.
Катталуу үчүн migrant.kg сайтына кирип, документтерди электрондук түрдө тапшыруу керек.
Документтер так жана даана болушу зарыл. Төлөм квитанциясын сактап, тест тапшыруу күнү көрсөтүү керек. Арызды бир гана жолу берүүгө болот, кайталанган арыздар жокко чыгарылат.



