Коом

Бишкекте Чүй проспектинин бир бөлүгү транспорт үчүн жабылат

Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүүгө байланыштуу Чүй проспектинин бир бөлүгү транспорт үчүн жабылат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Чектөө 27-август саат 20:00дөн 29-август саат 12:00гө чейин Айтматовдон Абдрахмановго чейинки бөлүктө иштейт.

«Мындай чаралар эл аралык мааракелердин катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында көрүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Мэрия айдоочулардан убактылуу чектөөлөрдү эске алып, жүрүү багыттарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча башка жолдор менен каттоону өтүнөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button