Спорт
Мээрим Жуманазарова Польшада өткөн эл аралык турнирде алтын медаль тагынды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Польшада өткөн Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open эл аралык турниринде алтын медаль тагынды.
Ал 68 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, финалдык беттеште швециялык Сьобергди 5:2 эсебинде жеңди.
Муну менен Мээрим Жуманазарова турнирдин жеңүүчүсү аталды.



