Саясат

Садыр Жапаров Вьетнамдын вице-президенти менен жолугушту

Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Вьетнам Социалисттик Республикасынын вице-президенти Во Тхи Ань Суан менен жолугушту.

Садыр Жапаров Во Тхи Ань Суандын сапары кыргыз-вьетнам мамилелерин мындан ары чыңдоо үчүн маанилүү экенин белгилеп, Кыргызстан соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук, туристтик, маданий-гуманитардык жана башка багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Во Тхи Ань Суан Кыргызстан Вьетнамдын Борбордук Азиядагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү болуп саналарын айтты. Ал эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, негизги багыттар боюнча биргелешкен ишти активдештирүүгө чакырды.

Тараптар ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштардын жана туризмдин элдер ортосундагы достукту бекемдөөдөгү маанисине токтолуп, конструктивдүү диалогду мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров кыргыз-вьетнам инвестициялык кызматташтыгынын ийгиликтүү мисалдарын атап өттү. Тактап айтканда, “Рокс Груп” вьетнамдык компаниясы Кыргызстанда энергетика жана шаардык инфраструктура тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда.

Инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн “Рокс Груп” компаниясынын жетекчиси Чань Ань Туан “Достук” ордени менен сыйланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button