Коом
3-сентябрга карата аба ырайы

Бүгүн өлкөнүн айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз гидрометеорология» билдирди.
Андан улам республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар экени айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетерин эскертишти.
Абанын температурасы Чүй жеринде 23…28, Талас облусунда 21…26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 26…31, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө 24…26 градус болот.
Термометр Бишкекте 25…27 градусту көрсөтөт.



