Сасык тумоого каршы 63 миңден ашуун вакцина алынат

Калкты 2026-жылы сасык тумоого каршы вакцина менен камсыз кылуу үчүн 20 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, бөлүнгөн каражатка 63 миң 733 доза вакцина сатып алынат.
Вакциналарды кампаларга жеткирүү 2026-жылдын 1-октябрына пландалууда.
Ал эми 2027-жылга вакцинага болгон муктаждык жана сатып алынуучу көлөмдөр 8-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинде өтө турган жумушчу кеңешмеде кеңири каралат.
Дарыгерлердин маалыматына ылайык, курч респиратордук вирустук инфекциялардын (ОРВИ) сезону адатта октябрь айында башталып, мартка чейин уланат. Сасык тумоо менен ооругандардын саны ноябрдын аягынан январга чейин көбөйөт. Оорунун күчөгөн мезгили, адатта, декабрь–январь айларына туура келет.
Дарыгерлер сасык тумоонун сезону башталганга чейин эмдөөдөн өтүүнү сунушташат.



