Коом
ДКО. «Кийиз дүйнө» боз үйдү 7 мүнөт 44 секундда тигип бүттү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан боз үйдү тез тигүү боюнча сынакта «Кийиз дүйнө» командасы боз үйдү 7 мүнөт 44 секундда тигип бүттү.
Катышуучулар эң мыкты убакыт көрсөтүү менен гана чектелбестен, боз үйдү тигүүнүн бардык этаптарын туура аткаруусу керек.
Калыстар тобу конструкциянын сапатын, элементтерди орнотуунун ырааттуулугун жана бардык деталдардын туура жайгаштырылышын баалайт.
Боз үй тигилип бүткөндөн кийин анын ички жасалгасы өзүнчө бааланат.
Сынакка Кыргызстандын 25 районунан жана шаарынан келген командалар катышууда.



