Кырчында Айгүл Жапаровага 35 миң долларлык килем белекке берилди

Кырчын жайлоосунда биринчи айым Айгүл Жапаровага баасы 35 миң долларга бааланган килем белекке сунушталды.
Белек ага бүгүн, 4-сентябрда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр ааламы» этношаарчагына барган учурда тапшырылган.
Килем колго жасалып, 4 миң жарым асыл таш менен кооздолгон. Анын автору буюмду башынан эле биринчи айымга белек кылууну пландаганын айтты.
Баястан аттуу соодагер Айгүл Жапаровага аны менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн көптөн бери күтүп жүргөнүн жана сатыкка коюлган килемди белек кылгысы келгенин билдирди. Биринчи айым ыраазычылык билдиргени менен, белекти алуудан баш тартты.
Белгилей кетсек, килемдин сүрөттөрү буга чейин социалдык тармактарда тараган. Колдонуучулар анын кол эмгеги менен жасалганына жана таштар менен кооздолгонуна көңүл бурушкан. Көпчүлүгү мындай эмгек үчүн көрсөтүлгөн баа негиздүү экенин жазышкан.



