Коом
Кыргызстанда Улуттук шахмат академиясы түзүлөт

Президент Садыр Жапаров Улуттук шахмат академиясын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу «Ынтымак ордо» билдирди.
Ага ылайык, жогорку спорттук натыйжаларды көрсөткөн шахматчыларга жана машыктыруучуларга эл аралык мелдештерге, окуу-машыгуу жыйындарына катышууга жана шахмат жабдууларын сатып алууга мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.
Ошондой эле шахматты өнүктүрүү үчүн заманбап материалдык-техникалык базаны түзүүгө көмөктөшүү максатында президенттин фондунан 100 миллион сом бөлүү каралган.
Мындан сырткары, Кыргыз шахмат союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фонду түзүлөт.



