Маданият

Кырчында төкмө акындарынын эл аралык айтышы жыйынтыкталды

Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы жыйынтыкталды.

Маданий иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2-4-сентябрь күндөрү өтүп, үч күнгө созулду. Анда эки элдин өнөрпоздору кыргыз менен казактын тарыхый тамырлаштыгын, достугун, учурдагы жетишкендиктерин жана келечек максаттарын комуз менен домбуранын коштоосунда ырга салышты.

Иш-чаранын жалпы байге фонду 3 миллион сомду түздү. Калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:

Баш байге (300 000 сом) — Мейирбек Султанхан жана Элмирбек Иманалиев;

1-орун (250 000 сом) — Мухтар Ниязов жана Нурсултан Малдыбаев;

2-орун (200 000 сом) — Хазырет Бердихан жана Кутман Садыбакасов;

3-орун (150 000 сом) — Нурлан Эсенкулов жана Акматбек Султан уулу.

Мындан тышкары, сөз таймашына катышкан калган бардык акындарга да чыгармачылык жигердүүлүгү үчүн акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button