Окуялар

Манас шаарындагы курулушта эки жумушчу каза болду

Манас шаарындагы «Алинур-3» турак жай комплексинин курулушунда имараттын фасадын жасалгалоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда курулуш люлькасынын тросу үзүлүп кеткен.

Кырсык 8-сентябрда саат 14:17 чамасында Малашов көчөсү, 15б дарегиндеги курулушта болгон. Натыйжада 11-кабаттан кулап түшкөн 2003-жылы туулган М.М. жана 2004-жылы туулган Т.М. алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болушкан.

Бул факт Манас ОИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

Тектеш кабарлар

Back to top button