Спорт

Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркында футбол фестивалы өтөт

26-сентябрда Бишкектеги Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркында футбол фестивалы өтөт.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, анда футбол сүйүүчүлөрү футболчулар Эржан Токотаев жана Эрбол Атабаев менен жолугуп, кол тамга ала алышат.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына шоу-программа тартууланат.

Мындан тышкары, байгелер жана билеттер ойнотулат.

Белгилей кетсек, футбол күйөрмандарына арналган иш-чара саат 13:00дө башталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button