Коом

Кыргызстан Кытай менен мунай-газ тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Кабмин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков Бээжин шаарында Кытайдын CNPC жана Sinopec мунай-газ корпорацияларынын жетекчилери менен жолугушту.

Кабминдин маалыматына ылайык, тараптар Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, мунайды кайра иштетүүчү завод куруу, кендерди чалгындоо жана өздөштүрүү, ошондой эле кыргыз-кытай чек арасы аркылуу мунайзаттарын ташуу үчүн түтүк куруу маселелери каралды.

Акунбеков Кытайга болгон сапарынын максаттарынын бири — Кыргызстанды мунайзаттары менен туруктуу камсыз кылуу боюнча тиешелүү компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары, «Торугарт» жана «Эркештам» өткөрмө пункттарынын жанында мунай сактоочу кампаларды куруу мүмкүнчүлүгү каралды. Бул логистикалык чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Жолугушууларга кыргызстандык компаниялардын өкүлдөрү да катышты. Алар CNPC жана Sinopec менен Кыргызстанга мунайзаттарын жеткирүү боюнча жаңы келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар мунай-газ тармагындагы кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button