Эль-Ниньонун айынан адаттагыдан көп адам каза болушу мүмкүн

Эль-Ниньо климаттык кубулушунан улам 2026-жылдын июнь айынан 2027-жылдын февралына чейин дүйнөдө аптаптуу ысыктан адаттагыдан 451 миң адамга көбүрөөк каза болушу мүмкүн. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди.
Мындай бааны Чикаго университетинин алдындагы Climate Impact Lab изилдөө тобу берди. Окумуштуулар аптаптан каза болгондордун болжолдуу санын кадимки жылдагы көрсөткүчтөр менен салыштырышкан. Эсептөөгө июнь айынан тартып өткөн айлар да киргизилген. Ал эми сентябрдан февралга чейин изилдөөчүлөр аптаптан болжол менен 239 миң адамдын кошумча каза болушун болжолдошууда.
Эң оор кесепеттер Сахель аймагында — Сахара чөлүнүн түштүгүндөгү аймактарда күтүлүүдө. Сентябрдан февралга чейин бул аймакта аптаптан кошумча 66 800 адам каза болушу мүмкүн. Анын ичинен 31 400 учур Нигерияга туура келет. Индонезияда бул көрсөткүч 19 300, Индияда 15 800, Бразилияда 13 300 адамды түзүшү мүмкүн.
Изилдөөчүлөр мезгилдик температура болжолун дүйнөнүн 24 миңден ашуун аймагындагы аптаптын өлүмгө тийгизген таасири тууралуу маалыматтар менен салыштырышкан. Алардын эсептөөлөрүнө ылайык, жакынкы айларда кургактыктагы температура адаттагыдан болжол менен 1,2 градуска жогору болот. Ал эми өтө ысык күндөрдүн саны 44 пайызга көбөйүшү мүмкүн.
Изилдөөнүн авторлорунун бири Майкл Гринстоундун айтымында, аптаптуу ысык аба ырайы өзгөчө климат ансыз да ысык болгон жана кондиционерлерге, ичүүчү сууга жана медициналык жардамга жеткиликтүүлүк чектелүү өлкөлөрдүн жашоочуларына коркунуч жаратат.
Изилдөөчүлөр калкты кооптуу ысык тууралуу алдын ала эскертүүнү, салкындоочу жана ичүүчү суу берилүүчү пункттарды ачууну, ачык жерде иштеген адамдарды коргоону жана бейтаптардын саны көбөйүшүнө байланыштуу ооруканаларды алдын ала даярдоону сунушташат.
Эль-Ниньо — Тынч океандын экватордук бөлүгүндөгү суунун жылышы менен байланышкан табигый климаттык кубулуш. Ал дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы аба ырайына таасир этет.
Окумуштуулар глобалдык жылуулуктан улам азыркы Эль-Ниньонун кесепеттери өзгөчө кооптуу болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө. Алардын баамында, аптаптан улам өлүмдүн көбөйүшү 2027-жылдын февралынан кийин да уланышы мүмкүн.



