Коом
Бишкек – Ош жолунда таштандылар тазаланды

Бишкек – Ош унаа жолунун 209-314-чакырымдарындагы жол жээктери таштандылардан тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Тазалоо иштерин министрликке караштуу №23 Жол эксплуатациялык ишканасы жүргүздү.
Министрлик айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү таштандыларды жол жээгине таштабай, атайын орнотулган урналарга салууга чакырды.



